Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

Нурлан Насип - Маякшы карындаш mp3 | Текст песни

Pesni.guru - сайт для Гуру

Эх, карындаш, мени мынча кыйнадың?
Маяк берип, күнү-түнү тынбадың.
СМСтен сен сүйүүңдү мага арнап,
Чынбы-калппы түрдүү ырды жазасың.

Көргүм келет мен да сенин жамалың,
Телефон чалсам, кылыктанып, албайсың.
Табышмакты бекем катып сен мага,
Тартынасың, неге жообун айтпайсың?

Кайырма:
Эх, карындаш, сырыңды сен катпа,
Маяк кылып ойго мени салба.
Эгер оюң мендик гана болсо,
Уяңсырап, кездешүүдөн качпа.

А, балким, сен мен жөнүндө биринчи,
Теле-радио, гезиттерден угуп, окуйсуң.
Кыялданып, ойго батып өзүнчө,
СМСтен ырларыңды мага жолдойсуң.

Сага жаздым мен да ушул ырымды,
Ыр түрүндө айттым сага сырымды.
Маяк бербей, телефондон түз сүйлөш,
Эх, маякчы карындашым, кылыктуу.

Другие названия этого текста
  • Нурлан Насип - "Маякчы карындаш" (0)
  • Нурлан Насип - Маякшы карындаш mp3 (0)
Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 1
Видео
  • Нурлан Насип "Маякчы карындаш" Кыргызстан Нурлан Насип "Маякчы карындаш" Кыргызстан
    Сөзү, обону: Нурлан Насип . 4-май 2012-жылдан бери superkg сайтына жүктөлгөн Жанр:Поп "Маякчы карындаш" Эх, карындаш, мени ...