Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

Сыймык Бейшекеев - Асельге кат | Текст песни

Жүрөгүм түйлап, көөдөнгө сыйбайт,
Жүдөтүп жалгыздык жанымды кыйнайт.
Томсоруп турам, өткөндү эстеп,
Тоо жели согот кайгымды сезбей.
Түшүндүм баарын, келсеңчи, жаным,
Түпөйүл кылбай, кечирчи, жаным.

Салкын жел сенден саламым айтам,
Сапардан жалгыз сени сагынып кайтам.
Үй-бүлө баркын кечигип сезип,
Үмүтүм жанбай жүрөм жер кезип.
Саргайып күттүм, келсеңчи, жаным,
Сагындым сени, келчи, ардагым.

Жалгыздап учкан куш көрүп калсам,
Жалооруп, эстеп мен кеттим, Асель.
Жалгыз бир жанга туш болуп калсам,
Жалган шум дүйнө дей кетмекмин, Асель.
Кулакка күлкүң угулат дагы,
Кыйналып кеттим, келсеңчи, жаным.

Буулугуп жашайм, бул дүйнөм жалган,
Булгабай сүйүүсүн, ким сактап калган?
Тартууга берген тагдырым мага,
Таалайым, бактым, жоготтум арман.
Бир келген мага качырдым бактым,
Кечиргин мени, кечиргин, жаным.


Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 3
Популярное сейчас
Видео
  • Аселге кат Аселге кат
    Сыймык Бейшекеев - Сага - Duration: 4:36. by Эркин Урманбетов 66,497 views. 4:36. Ырдап жур! Сыймык Бейшекеев ...
  • Тамчы Тамчы
    Сыймык Бейшекеев Аселге кат - Duration: 4:20. by Кыргызча клиптер 7,915 views. 4:20. Тата Улан Кыргыз Кыздарга Насыят ...